Пример HTML-страницы

Роза Баймуратова тарыхый окуя болгон күнү төрөлгөн жигитке турмушка чыккан

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Роза Баймуратова менен Гагарин Ногоев. Алар 40 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатышат.

Роза апа 1962-жылы 16-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлсө, жолдошу 1961-жылы 12-апрелде Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөн. Учурда Суусамыр өрөөнүндө жашашат.

«Жолдошум экөөбүз 1982-жылы Фрунзе шаарында таанышканбыз. Ал кесиптик училищеде, мен университетте окучумун. 1983-жылы баш кошконбуз. Жолдошум мектепте электрик, кароолчу болуп иштеди. Азыр экөөбүз теӊ ардактуу эс алуудабыз.

Жолдошум мага майрамдарда, туулган күнүмдө бир топ белек берди. Азыркыга чейин белек бергенди унутпайт. Студент кезимде алтын шакек белек кылган. Жумушка киргенде 8-мартка карата кагаздарыӊды салып жүр деп сонун сумка белекке берген.

Жолдошумдун атын биринчи уккандар «Чын эле Гагаринби?» деп сурашат. Жолдошум болсо эринбей, ысымы кантип тандалганын айтып берет.

Ал төрөлгөн ооруканада акушерлер орус улутундагы кыз-келиндер экен. Алар баланы көтөрүп алып, «Гагагрин, Гагарин» деп айтышыптыр. Көрсө ошол күнү бүткүл дүйнөгө белгилүү космонавт Юрий Гагарин космоско учуптур. Кайын атам да Гагарин космоско учту деген жаӊылыкты уккандан кийин уулун Гагарин коем деп жүргөн экен. Ошондуктан жолдошумдун аты адам баласындагы тарыхый маанилүү күн менен байланыштуу», — деди Роза апа.

Ал «Эл агартуунун мыктысы» наамын алган.

«1979-жылы орто мектепти аяктап, университетке тапшырып, тилекке каршы, 1987-жылы окуумду таштоого туура келген. Ошол эле жылы бүтпөгөн жогору билимдүү деген маалым кат менен 1-Май орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп кирдим. 1990-жылы В.В.Маяковский атыдагы кыз-келиндер педагогикалык институтуна сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам. Ошентип аталган окуу жайды 1995-жылы башталгыч класстын мугалими деген кесип менен аяктадым», — деди Роза апа.

Жубайлардын үч кыз, үч уулу, 13 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE