Пример HTML-страницы

Панфиловдун Кум-Арык айылында көк бөрүдө жеңүүчү болгон улакчыларга тай берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Орто айыл аймагынын Кум-Арык айылында көк бөрү боюнча мелдеш өттү.

Айыл өкмөт башчы Ринат Момуналиевдин айтыманда, мелдеш кечээ, 4-февралда уюштурулуп, байгесисне 100 миң сом коюлду.

«Биздин тоо этегинде жайгашкан айыл аймактын жашоочуларынын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Кум-Арыктык эр эңиш боюнча дүйнө чемпиондору Нурлан Молдокулов жана Бусурманкул уулу Калыбек аттуу балбандар бар. 3 айылда жаштар арасында ынтымак, достукту түзүү, сергек жашоого багыттоо максатында көк бөрү өткөрүп келишет», — деди ал.

Жыйынтык:

— 1-орун — 37 жаштагы улакчылар, байгеге тай берилди;

— 2- орун — 37 жаштагы улакчылар, байгеге 25 миң сом;

— 3- орун — 30 жаштагы улакчылар, байгеге 20 миң сом;

— 4- орун — 27 жаштагы улакчылар, байгеге 10 миң.

Айыл аймакта 5132 адам жашайт. Курамында Кум-Арык, Телман жана Букара айылдары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE