Пример HTML-страницы

ОшТУда эсепчилердин кесиптик майрамына карата студенттер арасында сынак өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан бухгалтерлердин кесиптик майрамына карата сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган сынакка экономика жана башкаруу факультетинин ар бир адистигинин студенттеринен команданын курамында бир окутуучу жана беш студент болгон бирден команда катышты. Аталган иш-чаранын негизги максаты — экономика багытында билим алып жаткан студенттердин үй-бүлөлүк бюджетти туура пландоо тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу, студенттерди келечектеги кесибине шыктандыруу, алган билимдерди иш жүзүндө пайдаланууга багыттоо, факультеттин адистиктеринин студенттеринин арасында достукту бекемдөө, келечекке туура көз карашты калыптандыруу. Сынактын шартына ылайык ар бир команда өздөрүнүн командасын тааныштырып, үй тапшырмасын аткарып жана видео ролик жасап, көрөрмандарга тартуулашты.

«Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы жыл сайын өздөрүнүн кесиптик майрамына карата ар кандай иш-чараларды уюштуруп келет. Буга чейин Ош технологиялык университетин бүтүрүп, кесиби менен эмгектенип жатышкан бүтүрүүчүлөрдү, иш берүүчүлөрдү, ата энелерди чакырышып, ар кандай семинар-тренингдерди, жолугушууларды өткөрүп келишкен. Бул жылы бир аз башкача форматта сынак өткөрүштү. Сынакка командалар мыкты даярдык менен келишип, алардын иш аракеттерин баалоо үчүн сырттан конокторду — банк кызматкерлерин чакырышты. Сынак кызыктуу уланып, жыйынтыгында жеңүүчү командалар факультеттин деканаты тарабынан дипломдорго жана баалуу белектерге ээ болушту», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE