Пример HTML-страницы

Оштогу тургунду мурунку кайненеси жыныс мүчөсүнө тепкен. Ал өзүн коргоо үчүн эмне кылганын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында мурунку жубайынын үй-бүлөсү менен чырдашкан тургундун иши сотто каралды.

  • Айыпталуучу Фархат 1987-жылы Ош шаарында туулган, ажырашкан, 4 баланын атасы. Убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, окуя 2022-жылдын 14-июнунда саат 18:00 чамаларында Ош шаарында катталган. Фархат көп кабаттуу үйдүн подъездинин биринчи кабатында туруп, аталган даректе жашаган мурунку аялы Хулькар жана анын апасы Лоланы жаман сөздөр менен тилдеп, электр жабдыктары кадалган темир тактайдын ичинен колу менен электр зымын сууруп алып, аларды коркуткан. Андан кийин аларды алып чыгуу үчүн подьзедге кирип келген адамды ийининен каттуу кармап, өзүнө тартып, кычкач менен уруп, буту менен бир жолу белине тээп, денесине жараат келтирген.

Ал эми Фархаттын айтымында, 2022-жылдын 14-июлунда саат 17:30 чамаларында өзүнө таандык үйүнө кирип, эшиктин кулпусу алмаштырылып калганын байкаган. Ылдый түшүп бара жатканда мурунку кайын энеси экинчи кабатка чыгып кармап алып, бутунун тизеси менен жыныстык мүчөсү тарабына тепкен. Андан кийин кийип жүргөн бут кийимин чечип, баш тарабына ура баштаган. Ал экинчи кабат менен биринчи кабаттын ортосундагы тепкичке түшкөн учурда мурунку аялы апасына кошулуп колунан кармап, аны биринчи кабатка түшүрүүгө аракет жасаган. Биринчи кабатта кайын атасы күтүп турган. Алар аны бурчтагы электр щитке такап, кол салышкан. Жабырлануучуну түртүп жибергенде шиттин четине башы тийип, канап кеткен.

Фархат өзүн коргогонун айтып, Ош шаардык сотунун 2022-жылдын 30-сентябрындагы өкүмүн жокко чыгарып, мыйзамдуу чечим кабыл алууну сурады.

Айыпталуучу Ош шаардык сотунун 2022-жылдын 30-сентябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 35 миң сом айып салынган.

Жогорудагы өкүмгө макул болбой, айыпталуучү апелляциялык даттануу менен кайрылган.

Соттук отурумда жактоочу Фархаттын турмуш шарты оордугунан биринчи инстанция соту тарабынан салынган айыпты төлөөгө мүмкүнчүлүгү жоктугун көрсөтүп, Ош шаардык өкүмүн өзгөртүп, айыпталуучуну коомдук жумушка тартууну суранды.

Ал эми жабырлануучу жана анын өкүлү Ош шаардык сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранды.

Жыйынтыгында Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 31-январындагы өкүмү менен Ош шаардык сотунун өкүмү өзгөртүүсүз, айыпталуучунун апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE