Пример HTML-страницы

Оштогу самбо боюнча мелдеште кайсы облустун кайгуул кызматкерлери үстөмдүүлүгүн көрсөттү?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда самбо боюнча биринчилик болуп өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш кызмат учурунда каза болгон кайгуул кызматкерлеринин жаркын элесине арналып уюштурулган. Биринчиликке аталган башкармалыктын Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында иштеген кызматкерлер катышкан.

Биринчилик 6 салмак категорияда болуп, бардык 1-орунду Бишкек шаарынын кызматкерлери, 2-орунду Ош облусунун курама командасы (Баткен облусунун кызматкерлери да кошулган), 3-орунду Ош шаарынын командасы ээледи. Мелдеште жеңүүчү болгондорго ардак грамоталар жана медалдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE