Пример HTML-страницы

Оштогу самбо боюнча мелдешке өлкөнүн бардык аймагынан милиционерлер катышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында 26-27-апрель күндѳрү 2010-жылдын апрель жана июнь айларындагы коогалаӊда кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналып самбо боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш ИИМдин кызматкерлеринин арасында өтүп, республиканын бардык аймактарынан спортчулар келип, жалпы 15 команда ат салышты.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземине Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкы башкармалыгынын өздүк курам менен иштешүү жана кесиптик даярдык боюнча башкармалыгынын башчысы Мамадали Шакиров, ИИМдин «Динамо» коомдук бирикмесинин тѳрагасынын биринчи орун басары Төрөкул Мадалиев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Асанбаев жана кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлиринин жубайлары, жакын туугандары катышышты.

«Бүгүнкү тынчтыктын келишине ушул кызмат учурунда курман болгон ар бир милиция кызматкеринин дагы кошкон салымы баа жеткис. Алардын ар биринин жаркын элеси эсибизден чыкпайт», — деп белгилешти иш-чарага катышкандар.

Торокул Мадалиев кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлиринин жубайларына жана жакындарына Ички иштер министрлиги тарабынан берилген каржылык колдоо катары акчалай жардам жана эстелик сувенирлерди тапшырды.

Аталган мелдеш 2 күнгө созулуп, байгеге ээ болгон командалар атайын кубок, акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты. Жеӊүүчүлөр медалдар менен сыйланышып, андан сырткары бир нече номинациялар боюнча катышуучуларга сыйлык берилди. Ошондой эле мелдештин жүрүшүндѳ Төрөкул Мадалиев спорттук иш-чараларга кошкон салымы үчүн бир нече кызматкерге «Динамо» коомдук бирикмесинин медалдарын тапшырды.

Мелдештин жыйынтыгында жалпы командалар арасында 1-орунду ИИМдин Ички аскерлеринин командасы, 2-орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы, 3-орунду Ош облустук ички иштер башкармалыгынын командалары ээ болушту.

Ал эми «Жеңишке жетүүгѳ эрктүүлүгү үчүн» номинациясына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Асан уулу Майрамбек, «Мыкты чеберчилиги үчүн» номинациясына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Нийматов Азиретали татыктуу болду.

Мындан сырткары жеңүүчүлѳргѳ 2010-жылы кызмат учурунда курман болгон Байкишиев Бакыттын үй-бүлѳсүнүн атынан баалуу сыйлыктар тапшырылды

  • Маалым болгондой, аталган коогалаӊ учурунда жалпысынан 12 милиция кызматкери кызмат учурунда каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE