Пример HTML-страницы

Оштогу мектептин алдындагы дарактар кыйылган. Экология министрлигинин инспектору эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан №26 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин алдындагы 40 түп дарак кыйылды.

Социалдык тармактарда аталган мектептин алдына тартылган видео тарады. Анда дарактар жашыл болгонуна карабай кыйылганы айтылган.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын башкы инспектору Арын Эсенбаев мектеп жамааты жазган каттын негизинде текшерилип, андан кийин дарактарды кыюуга уруксат берилгендигин айтты.

«Мектеп администрациясы, тактап айтканда бардык мугалимдер жамааты кол коюп, ушул жылдын март айында бизге кат менен кайрылган. Андан киийн биз жерине барып, куураган, кооптуу дарактарды тактап, 20 даракты кыюуга уруксат бергенбиз. Анын ичинде жоон теректер бар эле. Алардын төртөө кыйылбай эле турган. Анткени ал жерде нааразычылыктар жаралып, теректерди кыя албай келишкен. Ушул күнгө чейин кыйылбай келди. Мектеп жамааты кайрадан бизге кат жазган. Каттын негизинде жерине барып, текшерип, куураган дарактарды кыюуга уруксат берип келгенбиз. Ал жерде көп теректерди курт жеп кетиптир. Өтө жоон, куураган теректер болчу. Теректин бир шагы түшүп кетип, окуучуну басып калса эмне болот? Ага ким жооп берет?», — деди Эсенбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE