Пример HTML-страницы

Ошто жүргүнчү ташыган айдоочулардын кан басымы текшерилди. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана тез жардам кызматынын өкүлдөрү катышты. Алар Ош—Бишкек каттамында жана аймактарга каттаган айдоочуларга жол кырсыкатарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жеринде айдоочулардын кан басымы текшерилди.

Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматыны Айбек Жумагуловдун айтымында, иш-чаранын негизги максаты — жол кырсыктарын алдын алуу.

«Ар бир каттамда 7 орундук унаалар, андан тышкары жеңил унаалар бар. Алардын баарын текшерүүгө алып, карап чыктык. Текшерүүдө мыйзамды бузгандар дагы катталды. Жеринде өздүгү такталып, аларга катуу эскертүү берилди. Кызматка дайындалганыма 8 күн болуп жатат. Айдоочулар менен жолугушуу өткөрүп, алардын көйгөйлөрү менен дагы таанышып, тийиштүү чараларды көрүүнү эске алдым. Андан сырткары тез жардам кызматы тарабынан айдоочулардын кан басымы текшерилди. Бул да болсо жол кырсыгын алдын алуудагы эң негизги иштердин бири болуп саналат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE