Пример HTML-страницы

Ошто милиция кызматкерлеринин арасында футбол боюнча мелдеш башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-октябрда Ош шаарында укук коргоо органдырынын кызматкерлери арасында футбол боюнча мелдеш башталды.

Спорттук иш-чара Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулду.

Мелдешке жалпы 11 команда катышууда. Иш-чара эки күнгө созулуп, жеңүүчү командалар эртең, 27-октябрда аныкталат. Жеңген командаларга сыйлыктар, медаль жана кубок берилет.

Быйыл, 2023-жылдын 1-ноябрында кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 99 жыл болот. Кыргыз милициясы 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE