Пример HTML-страницы

Ошто июнь окуясына өрттөнгөн 28 үйдүн тагдыры чечилбей калды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-июнда Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында 2020-жылдагы июнь окуясында өрттөнүп кеткен үйлөр боюнча маселе көтөрүлдү.

Күн тартибине 7-маселе катары Ош шаарынын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө жобону жана 2023-2024-жылдарга карата Ош шаарынын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө маселе коюлган.

Жыйында депутат Медер Абдыманапов июнь окуясында жараксыз болуп, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөн 34 объекттин ичинен 28 объектти менчиктештирүү аракети болуп жатканын айтты.

«Июнь окуясында жараксыз болгон үйлөр муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөн. Анын алтоонун дайын-дареги жок. 28 обеъектти менчиктештирүү үчүн сессияга алып чыгышыптыр. Сессияга алып чыгып эмне кыласыңар, түз эле сатып жибергиле да? Сизге суроо, калган бешөө кайда? Бирөөсү боюнча маалыматым бар, ал 30 миң долларга сатылыптыр. Ал жарандын прокурорго номурун берем, өзү да айтып берет», — деди депутат.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова түшүндүрмө берди.

«Ы.Монуев көчөсүнө арка курган учурда бир үй-бүлөнүн үйү илешип калган. Аталган үй-бүлөгө компенсация катары ошол 34 үйдүн үчөөнү — барак тибиндеги 3 үйдү бергенбиз. 28 объектти сессияга алып чыгуунун максаты — сатуу эмес, мыйзамдаштырып, иреттеп коюу гана болууда», — деди Имарова.

Медер Абдыманапов Ош шаардык прокуратурасынын коррупцияга каршы жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Канат Насиповго кайрылып, бул ишти көзөмөлүнө алуусун суранды.

Канат Насипов аталган маселе боюнча депутатты кабыл аларын белгиледи.

Вице-мэр Замир Юсуповдун айтымында, мэрия 28 объектини сатууну көздөгөн жок.

Жыйынтыгында депутаттардын 16сы сунушка макул болуп, 14ү каршы болуп, маселе өткөн жок. Талаш-тартыштар жаралып, токтом долбоору кайрадан добушка коюлду. Жыйынтыгында токтом долбоору кайрадан өткөн жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE