Пример HTML-страницы

Ошто алдамчылык фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОшто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралук Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 22-март күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын 1988-жылы туулган Д.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Анда 2023-жылдын күз мезгилинде С. аттуу жаран сырттан тааныган жаран анын ишенимине кирип, “Лексус” үгүсүндөгү автоунаасын 650 миң (алты жүз элүү) миң сомго баалап алып, акчасын берем деп, бирок ар шылтоону айтып, бербей из жашырып кеткендигин көрсөткөн.

Арыз каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Чолгултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 29-март күнү кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган, мурда соттолгон, Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган А.уулу С. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына камсыз болду.

Учурда терөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE