Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы төрөт үйүндө 30 жаштагы келин көз жумду. Башкы дарыгер эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык төрөт үйүндө 30 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2024-жылдын 3-апрелинде болгон. 1994-жылы туулган М.к.М. төрөттөн кийин көз жумган.

Ал эми Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Дамира Ташматованын айтымында, келин клиникалык өлүм менен келип түшкөн.

«Келин бизге келгенде эле жүрөгү токтоп, клиникалык өлүм менен келген. Түйүлдүк 33 жумалык болгон. Биздин дарыгерлер дароо жандандыруу бөлүмүнө алып, операция жолу менен ымыркайын сактап калды. Келин 9 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, өзүнө келбей каза болгон. Буга чейин келин жүрөк кемтиги менен жабыркап келген экен. 6 жолу боюнда болгон. Бирок бул төртүнчү төрөтү. Кыз төрөлдү, салмагы 2 кг 300 гр. Ара төрөлгөнү үчүн ымыркай дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деди Ташматова.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары 2024-жылдын март айынын аягында Ош шаарында дагы бир келин төрөттөн кийин абалы оорлошуп көз жумганы маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE