Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы С.Шарипов атындагы гимназиянын жерин кайтаруу боюнча сотко доо-арыз келтирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Салижан Шарипов атындагы №22 мектеп-гимназиясынын спорт аянтчасы кейиштүү абалга кептелип, бир бөлүгү жеке жактарга берилип кеткенин мектеп директору Баатыр Сайдалиев билдирди.

Анын айтымында, аянтчанын жери сатылып кеткенден бери бир канча директорлор алмашкан. Өзү бул мектепке дайындалганына бир жылдай болгон.

«Спорт аянчанын Ашимахунов көчөсү тарабындагы аймагынан жер сатылыптыр деген сөз бар. Менден мурда иштеп кеткен директор менен сүйлөшкөм. Ошол жерден кайсы бир адам төрт сотых жерди алган экен. Бул иш текшерилип, сот дагы болгон деген маалыматтарды уктум. Негизи мектептин мамлекеттик актылары боюнча ал жер мектептин аймагы болуп турат», — деди директор.

Анын маалыматына ылайык, спорт аянчанын жери сатылып кеткени боюнча Ош шаардык прокуратурасынын кабары бар. Алар тиешелүү иш кагаздарын алып, териштирүү жүргүзгөн.

«2-3 ай болуп калды, Ош шаардык прокуратурадан кызматкерлер келген. Алар мектептин мамлекеттик актыларын алып, документтер менен таанышкан. Прокуратуранын кызматкерлери ошол жердин сатылып кеткендиги боюнча сурап, «маалыматыңыз барбы?» дегенинен ага так жооп бере алган жокмун. Себеби, мен дагы жаңы келген адаммын. Бирок бизде такталбаган маалыматтар болгон. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Эгерде чындап сатылган болсо, мамлекеттин жерин кайтарып алышыбыз керек», — деди Баатыр Сайдалиев.

Ал бул иш буга чейин сотто каралганын, бирок сот кандай чечим чыгарганы боюнча маалыматы жок экенин кошумчалады.

Ошондой эле, директор быйыл спорт аянчасында оңдоп-түзөө иштери башталарын, жаңы окуу жылында пайдаланууга берилерин айтты.

Ош шаардык прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Канат Насиповдун маалыматына ылайык, Салижан Шарипов атындагы мектеп-гимназиясына таандык болгон жер 2007-жылы жеке жактарга сатылып кеткен.

«Ош шаардык прокуратурасы тарабынан 2022-жылы мектептин 485 чарчы метр жери жеке жактарга берилип кеткендиги боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2007-жылы Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 485 чарчы метр жери мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган. Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын атына ушул жерди кайра мамлекетке кайтаруу боюнча прокурордук акт жөнөткөнбүз. Аталган кызмат биздин актыны аткаруу максатында Ош шаардык сотуна жерди кайтарып алуу боюнча доо-арыз киргизип, бүгүнкү күндө Ош шаардык сотунда жана Ош облустук административдик сотунда жерге берилген укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу жагы каралып жатат», — деди Канат Насипов.

Анткен менен Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Салижан Шарипов атындагы №22 мектеп-гимназиясына байланышкан иш административдик сотто жок экенин маалымдады.

Аталган мектеп — Ош шаарындагы эң эски мектептердин бири. Ал 1969-жылы пайдаланууга берилген, 675 орундуу. Бүгүнкү күндө 2 миң бала билим алат. Окуу класстары жетишсиз болгондуктан, башталгыч класстар үч нөөмөт менен окушат. Бул аймакта балдар бакчасы жетишпегендиктен, мындан алты жыл мурда мектептин 1-кабатынын бир бөлүгүнө балдар бакчасы уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE