Пример HTML-страницы

Ош шаарында көмүскө сойкукана уюштурган деген шек менен чет элдик жаран кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшкөн шектүү кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош ШИИБдин жана УКМКнын Ош шаары, Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргелешип сойкулук уюштургандарга каршы күрөш жүргүзүүдө. 10-февраль күнү алдын ала алынган маалыматтын негизинде Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү дарекке текшерүү жүргүзүлүп, аталган даректе февраль айынан бери көмүскө сойкулук жасоочу жай иштеп жатканы тастыкталган.

Кылмышка шектүү катары коңшу мамлекеттин 1995-жылы туулган С.М. аттуу жараны кармалган. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүмү («Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү») менен кылмыш иши козголгон.

12-февралда Ош шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, аны 12-апрелге чейин абакта кармоо чечими чыгарылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы сойкулук жасалган көмүскө жайлар жана сойкулук менен алектенген жарандар тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөндөгү номурларга кайрылууга чакырат: 03222-3-77-13 (Ак-Буура милиция бөлүмү), 03222-6-27-57 (Сулайман-Тоо милиция бөлүмү), 0504-81-22-81.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE