Пример HTML-страницы

Ош шаарында үчүнчү социалдык дарыкана ачылды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгында дагы бир социалдык дарыкананын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага тиешелүү жетекчилер медицина кызматкерлери, жергиликтүү тургундар катышты.

Бул дарыканаларда ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар тиешелүү анкетаны толтуруу менен дары-дармектерди сатып алууда 15%дан 25%га чейин жеңилдик берген атайын карта алышат. Карыларга 15% арзандатуу берилет. Калган жарандарга — 10%. Бардык дары-дармектер дарыкана кампаларынын дүң баасында сатылат.

Бул Ош шаарында ачылган үчүнчү социалдык дарыкана. Буга чейин социалдык дарыкана Курманжан датка көчөсүндө жана Жапалак айылында ачылган.

Маалым болгондой, жакын арада Ош шаарында дагы 3 социалдык дарыкана ачылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE