Пример HTML-страницы

Ош облусунун аймагында кароосуз жүргөн 225 бала аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында 10-марттан 30-мартка чейин балдар арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында «Түнкү рейд» аталышындагы иш-чара жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган иш-чарага Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору жана милициянын участкалык кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелердин жана башка кызыктар органдардын өкүлдөрү тартылууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус аймагында түнкү мезгилде, кечки саат 22:00дөн кийин балдардын болжолдуу топтошуп жүргөн жерлери тыкыр текшерүүгө алынды. Ошондой эле кафе, ресторан, бильярд жана интернет клубдар текшерилип, ата-энесинин же болбосо жакын туугандарынын коштоосу жок жүргөн балдардын ата-энелерине карата мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлүп, эскертүүлөр берилүүдө.

Ушул жылдын 10-мартынан 22-мартына чейинки рейддин жүрүшүндө көчөдөн 225 бала табылган. Алардын ичинен 214 бала мектеп окуучусу. Аларга карата Укук бузуулар кодексинин негизинде 200 протокол түзүлүп, анын ичинде 74-берене (балдардын түнкү убакытта ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөнү), 102-берене менен (ата-энелик милдеттерден качуу) 46 протокол түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE