Пример HTML-страницы

Орозгүл Алимова кесибин таштап, кол өнөрчүлүктү колго алды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунун Корул айылынын 52 жаштагы тургуну Орозгүл Алимова кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Анын бул өнөргө болгон кызыгуусу бала кезинен эле бар болгон. Бирок башка тармакта окугандыгы үчүн бул өнөрдү аркалап кетүүгө мүмкүнчүлүк болгон эместигин айтат.

«Негизи кичинемден эле тигүүчүлүк, кол өнөрчүлүккө кызыкчумун. Бир нерселерди кыркып, кураштырып эле күнүм өткөн. Чоңойгондо башка адистикти окуп, ошол адистик боюнча да иштеп жүрдүм. Бирок аз эле иштедим. Баары бир тикким келип жүрө бердим», — деди ал

Орозгүл Алимова 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин инженер-куруучу адистигине окуган. Бирок ал кесибине болгон кызыгуусу жок болгондуктан 4 жыл гана эмгектенген. 2008-2012-жылдарга чейин Алай райондук архитектура башкармалыгында иштеген. Базарда соода тармагында да иштеп жүргөн. Ал бош убактысында балдарына, неберелерине чыптама тигип, кол өнөрчүлүктү колго алган.

«Үйдө бош отура алган жокмун. Бала-чакама, неберелериме чыптама тигип, токуй калам. Чайнек койгучтарды жасайм. Ошентип өнөрүмө кайра кызыгуум пайда боло баштады», — дейт ал.

Орозгүл апанын 2 кызы, 2 уулу жана 4 небереси бар. Кайрадан бул өнөрүн өркүндөтүүнү каалаган Орозгүл апа тигүү цехтеринде иштеген.

«Тигүүчү болуп иштеп жүргөндө ар кандай кызыктуу окуялар болгон. Цехке жаңы барганда иш убактысы бүткөнгө чейин баары 10 көйнөккө чейин тиксе, мен 1 көйнөктү тигип бүтүрө алган эмесмин. Бир топ убакыт өткөндөн кийин өнөрүмдү үйдөн улантууну туура көрдүм.

Учурда кыздар үчүн ар түрдүү баштыктарды, кыргыз оймосу түшүрүлгөн такыяларды, заман талабына ылайык ноутбук салуучу баштыктарды, кемселдерди тигип келем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE