Пример HTML-страницы

Ноокаттагы сел көпүрөнү агызып кетти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, көпүрөнү агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-май күнү саат 19:30 чамасында Ош облусунун Ноокат районунда жааган жамгырдын кесепетинен сел өтүүчү каналдын суусунун деңгээли көтөрүлүп, Кулатов айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айылынан өтүүчү Дөдөн—Абшыр-Ата унаа жолунун 47-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн бир жээгин жеп, 50-чакырымында жайгашкан көпүрөнү агызып кеткен.

Бекемдөө жана калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүгө №37 ЖТИден 1 манипулятор, жергиликтүү айыл өкмөттөн 1 экскаватор тартылды. Аталган унаа жолдун 47-чакырымда жайгашкан көпүрөнүн желип кеткен жерине кум-шагыл төгүлүп, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE