Пример HTML-страницы

Ноокаттагы депутат прокурордун үстүнөн даттанды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты прокурордун орун басарынын үстүнөн даттанды.

  • Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары менен башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жолугушту. Алар жашоочулардын суроолоруна жооп беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутат прокурордун орун басары Ташкулов «заказдарды» аткарып жатканын айтты.

Ага башкы прокурор Курманкул Зулушев жооп берди.

«Бүгүн эртең менен чогулуш кылдым. Ташкулов Ноокатта иштегенине 5,5 жыл болуптур. Эртең менен тапшырма бердим, бул прокурор башка районго которулуп кетет. Ал эми аялдарды ажыраштырганы боюнча бизге факты бериңиз. Биз текшеребиз», — деди Зулушев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE