Пример HTML-страницы

Нарында кароосуз калган балдар туугандарына тапшырылды

Акыркы жанылыктар

Turmush23-24-25-март күндөрү Нарын шаарында өткөн «Кароосуз калгандар» профилактикалык иш-чарасы өттү.

Маалым болгондой, анда Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору соода түйүн, интернет клуб жана жер төлөлөрдү текшеришти. Иш-чаранын алкагында базарда иштеп жаткан өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелерине түшүндүрүүлөр жүргүзүлдү. Кечки рейддер уюштурулуп, максатсыз көчөдө жүргөн өспүрүмдөр Нарын ШИИБге алынып келинип, ата-энелерине тил кат менен өткөрүлүп берилди.

Андан сырткары, атасы дайынсыз жоголуп, энеси спирт ичимдигин ичип, дайынсыз болуп жаткан, кароосуз калган 2 бала аныкталып, туугандарына тапшырылды. Аларга Нарын ШИИБ тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Кечкисин тамактанууга жайда иштеген 4 өспүрүм аныкталып, кафе-ресторан ээлерине эскертүү берилип, Нарын шаардык прокуратурасына чара көрүү сунушу берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE