Пример HTML-страницы

Нарында эл топтолду. Алар бийликтен эмнени талап кылып жатышат? (видео)

Акыркы жанылыктар

Turmush12-августта Эки-Нарын айылынын тургундары президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн жанына чогулушту.

Алар Чырпыкты участкасында алтын кенин иштетүүгө каршы болуп жатышат. Ошондой эле компаниянын атайын техниканы талаага тартып, иштетүүгө каршы.

Чогулгандар менен ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешов жолугушту. Ал жерге барып, таанышып чыгууну убада кылды. Анын айтымында, иш азыркы мыйзамдардын алкагында жүргүзүлөт.

18:12

Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров куруучу компания РИИБге арыз менен кайрылганын билдирди. Алар жумушка шарт түзүп берүүнү суранышкан. Ал эми ишкана жумушун баштады деп ойлогон тургундар митингге чогулушту.

«Бүгүнкү күндө талааларда бир дагы техника жок. Эки-Нарын айылынын тургундары макулдук бермейинче ал жерде эч кандай иш жүргүзүлбөйт деп чечтик», — деди ал.

Эки-Нарын айылынын 65 жаштагы тургуну Турдубек Ибраевдин айтымында, жеке компания каза турган жерде 24 элемент бар жана аларды казууда чыккан уулуу заттар Эки-Нарын элине гана зыянын тийгизет.

«Биз ичкен суу ошол жерде, сугат суу алабыз. Ошол суудан баштап берки суу курулмага чейин казабыз деп жатышкандыктан келдик. Анан биздин суу булганып жатат. Сугат сууга чыкпай калат. Тигил айтылган жерге казабыз деп барышыптыр. Эми ошол жерге Эки-Нарын эли уруксат бериш керек. Таш-Башат айыл өкмөтүнүн ал жерге тиешеси жок. Өзүңөр көрүп турасыңар, Таш-Башат айылынан Нарын суусу агып, көпүрөсү турат. Алар суудан ууланбайт, алтын казуудан чыккан уулуу зат менен дем алышпайт. Ошол себептен, 100 пайыз дебесем дагы, 99 пайыз Эки-Нарын эли каршыбыз.

Биз түтүнмө-түтүн мал багабыз. Кен казса мал өлөт, ар кандай ооруларга кабылабыз. Биз ошон үчүн чыйпылыктап жатабыз. Унаалар ары-бери сууну кечип өтөт. Ал жер казылса уран чыгат. Ал жерде 24 элемент бар деп, депутаттыкка талапкерлигин койгондор айтчу. Бул компания ошол 24 элементти ачканы жатпайбы. Бир эле алтындан сырткары, күмүш, жез жана башка элементтер бар. Алардан ар түрдүү уулар чыгат. Мына биз ошого каршы болуп келдик.

Бул биздин жетекчилер казганга документин даярдап коюптур. 4 гектар бериш керек деп жатышат. Бул 4 гектар бизге келе турган суунун жээгинде. Ал жер шагыл. Шагылды казганда, чопого чейин 3 метр казат. Анда суу соолуп кетет. Эл суу чыгыра албай жатса, бизге ушулар суу чыгарып береби?

Президенке кайрылып кетет элем. Урматтуу, Садыр Нуркожоевич! Жеке адамдар алган лицензияларды жойдук дебедиңер беле. Момундай алып калгандар келип алып, «казабыз» деп, биздин айлабызды кетирип жатат. Бул жерде бир кишинин кызыкчылыгын ойлойсузбу же 120 түтүн элдин кызыкчылыгын ойлойсузбу? Мына ушуну бир чечип бериңиз.

Алтын казабыз деген жер Жетим-Тоонун бөйрөгү, үстүндө мөңгү турат. Ага да зыян келет, келбей койбойт. Аким, силердин депутаттар «тиги-бул» дейт. Бизде 3 депутат бар. Үчөө тең каршы чыккан», — деген Турдубек Ибраев.

Айыл тургуну Адилет Асипакуновдун айтымында, жеке компаниянын кен казуусуна эки-нарындыктар 100 пайыз каршы.

«Чырпыкты маселеси боюнча комиссия түзүлүп келгенбиз. Ал жерде биздин жайыт жер, иче турган жана сугат суубуз бар. Эки-Нарындын 100 пайыз эли каршы. Айылда жыйналыш болуп, эл комиссия түзүп, анан район жетекчилигине жиберишти. Бул жерде жалпы эле депутаттар макул деп коюптур. Бирок ким каршы, ким макул болгону айтылбаптыр», — деген Адилет Асипакунов.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нуридин Мадимаров компания жетекчилиги жакынкы күндөрү эл менен жолугуп, бир чечимге келгиче ишин баштабарын айткан.

«2020-жылы «Голд Контент» 4 гектарга жерге кен казууга лицензия алган. Лицензиянын мөөнөтү 4 жылга чейин. Булар эл менен Орток айыл өкмөтүнүн Таш-башат айылында жолугушуу өткөрүп, айылдык кеңештин депутаттары макулдугун беришкен. Бул компания Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен кен казууга уруксат алып келди. Бирок Эки-Нарын эли ошо кезде эле каршы болгон. Депутаттары дагы макулдугубузду берген эмеспиз деп айтышкан. Бирок Таш-Башат айылынын депуттары, эли жалпы жыйында, 200 адам кол коюп, уруксат берип койгон.

Чырпыкты Эки-Нарын элинин ичкен суусунун башында экен деп айткам. Ошол кезде эле «эколог, Мамэкотехинспекциясынын өкүлдөрүн жеринде алып барып көрөбүз. Эгерде элге, ичкен сууга зыян келсе, биз дагы уруксат бербейбиз» деп айткам. «Жумушту баштады. Райондон, айыл өкмөттөн уруксат бериптир» деп, эл кабатыр болуп келиптир. «Голд Контент» жумушун баштай элек. «Качан гана компания эл менен жолугуп, бир макулдашууга келгенден кийин иш башталат» деп айттым.

Айылдык кеңештин сессиясына кийлигише албайбыз. Кандай өткөн, канчалык мыйзамдуу өткөнүн кеңештин төрагасы, катышкан депуттар өздөрү билет. Бизге жөнөтүлгөн документте төраганын колу, элдин колу коюлган протоколу, кимдер кандай сүйлөгөн, кимдер каршы, кимдер макул болгону жазылган.

Президенттин мыйзамдуу иштеген ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп берүү боюнча жарлыгы бар. Эгерде ошол компаниялар мыйзамсыз иш алып барган болсо, биз деле каршыбыз. Эгер жайытты бузуп, мыйзамсыз жолдорго барып жаткан болсо, жеринде акт түзүп, токтотушубуз керек.

Ал 4 гектар жерден канча алтын аларын билбейт экенмин. Кандай болсо дагы, аны сөзсүз мыйзамдуу иштетебиз. Эки-Нарын элине сөз бердим. Жакынкы күндөрү «Голд Контенттин» жетекчилери менен айылда жыйын өткөрөбүз. Ал жерде эл сунуштарын берет, талаптарын айтат. Анан ошол жерде чечим кабыл алабыз. Ага чейин компания жумушун баштабайт», — деген Н.Мадимаров.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганды, «Голд Контент» жоопкерчилиги чектелген коому 2020-жылы 6-августта каттоодон өткөн.

Ишмердүүлүгүнүн түрү: Табигый асыл жана жарым асыл таштарды казып алуу.

Директору: Куланбаев Болотбек Асаналиевич.

2020-жылдын сентябрь айында Чырпыкты аймагында жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөн. Баштапкы баасы 1950 долларды түзүп, «Голд Контент» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, ал 3200 доллар сунуштаган.

1986-1989-жылдары бул аймакта издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Чырпыкты аймагында шурфдун (кен табуу максаты меңен жер астындагы тоо тектеринин таманына чейин тик казуу) 7 линиясы бар. 1:10000 масштабдагы геологиялык карта жана 1:100 — 1:1000 масштабдагы үлгүлөрдү алуу пландары түзүлгөн.

Суу горизонтунун тереңдиги 1,6-8 метр, калыңдыгы 0,8-24 метр. Суулары эркин агып келет.

Чырпыкты участогунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, андан кийин тоо-кен иштерин жүргүзүү үчүн рентабелдүү запастары бар участокторду тандоо талап кылынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE