Пример HTML-страницы

Нарын шаарында өтүп жаткан шырдак фестивалы салтанаттуу жүрүш менен башталды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

Turmush28-июнда Нарын шаарында «Кыргыз шырдагы» Xll эл аралык фестивалы өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Фестивалдын ачылышына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, кол өнөрчүлөр кеңешинин президенти Жамбы Карыбекова, 7 дубандан келген кол өнөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чара кол өнөрчүлөрдүн жүрүшү менен башталып, расмий бөлүгүн калаа башчысы Канболот Тутуев ачып берди. Ыйгарым укуктуу өкүл Сабыркул Ашимбаев баштаган жетекчилер сөз сүйлөп, туризмди өнүктүрүүдө, улуттун баалуулуктарын сактоодо кол өнөрчүлөрдүн ордун баса белгешип, туризмди өнүктүрүүдө аткарылып жаткан иш-аракеттерге токтолушту.

Фестивалда кол өнөрчүлөрдүн эмгектери: шырдак, панно, сувенир, улуттук кийимдер, түймөлөр, өрмөк жана башкалар коюлуп, улуттук тамак-аштар жармаңкеси дагы уюштурулду.

Иш-чара жергиликтүү маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.

Иш-чара 2 күнгө созулуп, эртең 29-июнда атайын түзүлгөн комиссия жеңүүчүлөрдү аныктап, сыйлыктар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE