Пример HTML-страницы

Каракол шаарында Баткен окуясынын курмандыктары эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын А.С.Пушкин атындагы эс алуу багында Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлуп, маркумдардын элесине багышталып Куран окулуп, эскерүү мүнөтү жарыяланып, асманга ок атылды. Анда чек араны бузуп кирген душмандарга каршы жоокерлердин эрдиктери айтылды.

Калаадагы ардагерлерди жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү куттуктады. Жылда жергиликтүү бюджеттен ардагерлерге колдоо көргөзүлөрүн маалымдашты.

Каракол шаарында 100гө жакын Баткен окуясынын ардагери жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE