Пример HTML-страницы

Кара-Балтанын тургундары «Джунда» мунай заводунун түтүкчөсүнөн белгисиз зат чыгып жатканын видеого тартып алышкан

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарынын тургундары токтоп турган «Джунда» мунай заводунун түтүкчөсүнөн белгисиз зат чыгып жатканын видеого тартып алышкан.

Шаар тургунунун айтымында, ал кандайдыр бир заттын агып чыгышы сыяктуу көрүнгөн. Же кокусунан агып, же заводдун кызматкерлери бир нерсени атайылап агызып коюшу мүмкүн. Эмнегедир баары күндүз, түшкү саат бирлер чамасында болгонуна карабай, ары-бери өткөн айдоочулардын көбү буга көңүл бурушкан эмес.

«Ал жаркырап тургандыктан жакшы көрүнөт. Мен дайыма каттап, ал жерден комиссияларды көргөн эмесмин. Иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мындай көрүнүш үзгүлтүксүз текшерилиши керек. Анын үстүнө ал шаардан алысыраак, эл жок жерде болуш керек да. Конушка жакын жайгашкан. Эмне үчүн көңүл бурдум? Анткени жакындан бери Кара-Балта шаарында түнкүсүн жагымсыз химиялык жыт пайда болуп, ал дээрлик таңга чейин созулат. Бул жыт жөнүндө бардыгы билгенине карабастан, эч кандай кызмат тарабынан түшүндүрүлгөн эмес. Элдер социалдык тармактарда жыт тууралуу бир нече жолу билдиришти. Бизге анын эмне экенин түшүндүрүп беришет деп үмүттөнөм. Бул жагымсыз химиялык жыт кайдан чыгат? Жыттар менен нефтини кайра иштетүүчү заводдун байланышы барбы?» — деп сурайт Кара-Балта шаарынын тургуну К.Евгений

Буга чейин эл жагымсыз жыттар боюнча арызданса, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү атайын комиссия түзүп, химиялык жыттын себебин тактап берүүнү убада кылышкан.

Тургундар азырынча жооп ала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE