Пример HTML-страницы

Кара-Балтада тогуз коргоол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-октябрда Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы №1 орто мектептин базасында тогуз коргоол боюнча облус биринчилиги өттү.

Мелдеш тогуз коргоолчулар Темирбек Дөлөтбаков менен Асан Байбосуновдун 70 жылдыгына арналып уюштурулду. Ага Чүй облусунун аймактарынан 80 окуучу катышты.

Жыйынтыгында командалык эсепте балдар арасында Сокулук району 1-орунду, Токмок шаары 2-орунду, Ысык-Ата району 3-орунду алды. Ал эми кыздар арасында 1-орунду Токмок шаары, 2-орунду Аламүдүн району, 3-орунду Сокулук району ээледи.

Жеңүүчүлөр медаль жана диплом менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE