Пример HTML-страницы

Кара-Балтада 4 жаштагы Сумая 3 күндөн бери изделип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында 4 жаштагы кызды издеп жатышат, деп билдирет аймактык кабарчы.

2019-жылы туулган Р.Сумайя 3 күн мурун үйдөн чыгып кетип, дагы эле туугандары таба албай жатышат. Ал Суворов көчөсүндө жашайт.

Өзгөчө белгилери: бою 135-140 см, чачы кара жана кыска, көздөрү күрөң, бети сүйрү, өркөч бар.

Кийген кийими: кара жоолук, көк түстөгү джемпер, ачык түстөгү спорттук шым, көк түстөгү жайкы бут кийим.

Кыздын жүргөн жери тууралуу маалымат билгендер болсо, 102 телефону аркылуу милицияга кайрылууну суранышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE