Пример HTML-страницы

Кантта дайынсыз жоголгон мышык ээсине бир жылдан кийин кайтып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кант шаарында мышык жарым жылдан кийин ээсине кайтып келди.

Жергиликтүү тургун Сайора Маматова билдиргендей, жарым жыл мурун жоголуп кеткен «Пушок» аттуу үй мышыгы үйүнө өзү кайтып келген «Ал кезде 2,5 жашта болчу. Бирок чычкандарды мыкты кармачу. Кармаган чычканын жегенге чейин сөзсүз аны менен ойночу. Анан алты ай мурун «Пушок» жоголуп кетти. Мен аны көпкө чейин издедим. Бардык кварталдарды кыдырдым, кошуналардан сурадым. Бирок табылган жок. Мына алты айдан кийин үйгө өзү кайтып келди. Пушок жапайы болуп кеткендиктен, аны акырындык үйгө көндүрүм. Балким, аны уурдап, үйдөн бир топ алыс жерге алып кетишкен. Бирок мышык туткундан качып, кайтып келген. Азыр деле чычкандарды жакшы кармайт», — деди Сайора Маматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE