Пример HTML-страницы

Кадамжайда адашып кеткен 4 жаштагы кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай шаарында адашып калган кыз ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай шаарынын борборунда жаш кыз адашып калгандыгы тууралуу 102 номуруна чалуу түшкөн. Кадамжай РИИБдин жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөрү чыгып, кызды бөлүмгө алып келип, ата-энесин издеген.

Кадамжай РИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөр ыкчам иштерди жүргүзүп, эки саат аралыгында кыздын ата-энесин аныктап, кабар берген. Белгисиз себептерден үйүнөн ойноп жатып чыгып кеткен 4 жаштагы кыз милиция кызматкерлери тарабынан ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE