Пример HTML-страницы

Илязбек Бабаев Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushСүлүктү шаарынын мэринин биринчи орун басары Бабаев Илязбек Дооранбекович ротациялоо тартиби менен Кызыл-Кыя шаарынын мэринин биринчи орун басары кызмат ордуна дайындалды.

Ал Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №61 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жарлыгы менен бекитилген жобого ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана муниципалдык кыматкерлердин дараметтерин натыйжалуу пайдалануу максатында дайындалды.

Ал эми 2024-жылдын 26-февралындагы биргелешкен буйруктун негизинде Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Айтматов Мирланбек Мусаевич ээлеген кызматынан бошотулуп, Сүлүктү шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE