Пример HTML-страницы

Эсентур Англияда иштеп, 200 миң сомго чейин маяна алып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын 30 жаштагы тургуну Алтымыш уулу Эсентур Англияда иштеп жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал жакта айыл чарба жумуштарында иштеп, клубника, гүл терип жана башка жумуштарды аткарууда. Кесиби боюнча газоэлектр ширеткич.

«Эжем «Англия 6 айлык сезондук жумуштарга виза берип жатат» айтып калды. Ошентип эжем барганга түрткү болду. Англия өнүккөн өлкөлөрдүн бири билсеңиздер керек. Эли мыйзам менен жашайт, абдан сылык жана меймандос келишет. Бардык жагынан жетишиптир.

Мени шаарларынын кооздугу, элинин меймандостугу таң калдырды десем болот. Анткени сен карасыңбы, сарысыңбы, азиятсыңбы эч кимдин иши жок. Анан аларда мода деген нерсе жок экен. Кимге кандай кийим ыңгайлуу болсо ошону кийип кете беришет экен.

Фермага барганда биринчи күн ишке чыккан күн эстен кейтпейт. Жумуш бүтүп кечинде үйгө келгенде унаадан түшүп баса албай калганбыз. Бири-бирибизди көрүп алап аябай күлгөнбүз. Анткени барып эле гүл тергенге кириштик, эңкейип алып иштегенбиз. Бел ооруп, буттар оорутуп кечинде баса албай калганбыз. Басканыбыз пингвиндикиндей болуп калган. Дубайга жана башка жактарга эскпортко нарцисс деген гүл теребиз. Айтуулары боюнча дары жасалат экен же белек катары да берилет экен. Анткени биз букет да кылып теребиз. Иш убактысы 8 саатан 12 саатка чейин иш болот. Саатына 10 фунт 42 центтен төлөйт. Айлык 130 миң сомдон 200 миң сомго чейин болот.

Бош убакыт деле болбойт. Келгенден бери элге «заявка» толтуруп бергендин эле үстүндө жүрөбүз», — деди ал.

Эсентур мырза 1 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE