Пример HTML-страницы

Карыздын айынан Москвага кеткен Мая Мединова ишкер айымга айланды

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 40 жаштагы Мая Мединова. Ал Москва шаарына карыз төлөө үчүн кетип, учурда сулуулук салонун ачып, өз кыялдарын орундатып жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Мая Мединова 1981-жылы Тон районунун Төрт-Күл айылында төрөлгөн.

«Эжем экөөбүз атамдын колунда өстүк. Атам кыргыз тили жана адабият сабагынан мугалим болуп 18 жыл иштеди. Комуз, кыяк чертип, балдарга үйрөтчү. Мен да комуз чертип, мектепте активдүү окуучу болчумун. СССРдин жоюлушу менен оор турмуш башталды. Мен мектепти аяктабай эле чач тарач курсун окуп, иштеп калдым. Атам каза болуп, эркек бала жок болгондуктан чыгымды өзүм көтөрүп, карыз болдум. Карызды төлөө үчүн иштөө керек болду. Классташ кызым Россияга чакырып, жол кире үчүн чогулткан акчаны жоготуп алдым. Классташымдын поездде тааныштары бар экен. Алар менен сүйлөшүп, 1000 сом берип келдик. Жол кире акысын кийин төлөдүк. Ошентип сулуулук салондорунун бирине жумушка орношуп, иштеп баштадым», — дейт ал.

Анын айтымында, Россия боюнча 300дөн ашык филиалы бар сулуулук салонунда иштеп, ийгилик жаратып, кирешесин арттырган.

«Эки жыл катары менен мыкты аталдым. Тажрыйба топтогон соң өзүмдүн ишимди ачууга да жетиштим. Негизги кардарларым орус улутунун өкүлдөрү. Ошондой эле бул жактагы мекендештер да келип турушат», — дейт ишкер айым.

Учурда Мая Мединова мекендештердин жакшылыктарында да кызмат кылууда.

«Башында айткандай, комуз чертип, мектептин сахнасында ырдап калгам. Турмуштун оош-кыйышы менен ырдабай калгам. Бирок жан дүйнөдөгү көксөгөн нерсе коё бербейт экен. Жердештер менен эс алууга барып, ырдап калчумун. Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесин диаспоралар өткөрмөй болду. 7 облустан 7 боз үй тигилип, ар бир облустун ырчылары чыкты. Ысык-Көлдөн ырчыбыз жок болгондуктан жердештер мага ырдоону сунушташты. Ошентип концертке катышып, бир ыр менен жылдыз болуп калдым. Учурда мекендештеримдин жакшылыгында кызмат кылам», — деди ал.

М.Мединова алдыга койгон максаттары жөнүндө айтып өттү.

«Бардык ийгилигим бул — атамдын мага берген тарбиясы. Ал киши эркек болсо да, бизге ата менен эненин тарбиясын бирге берди. Учурда өз ишим менен катар мекендештер менен бирдикте коомдук иштерге да активдүү катышып келем. Өлкөбүз өнүгүп, баарыбыз өз жерибизде кызмат кылсак дейм. Эки баламды элден кем кылбай өстүрүп, мен көргөн кыйынчылыкты алар көрбөөсү үчүн аракет кылып жатам. Алар татыктуу билим алып, Кыргызстанга кызмат кылышын каалайм. Өзүм аттестат алган эмесмин. Кечки мектептен окуп, аттестат алып, музыкалык окуу жайда билим алуу планым бар. Кыргыз жергесине келгенде маданият тармагында иштөөнү каалайм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE