Пример HTML-страницы

Эч жерде жок табият кубулушу бар жерде иштеген Т.Намыржанов

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп району боюнча 13 айыл өкмөттө жалпы 28 ФАП (фельдшердик-акушердик пункт) бар. ФАПты жетектеген ак халатчандар арасында Сан-Таш айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Сары-Тологой айылында жалгыз медага (медбрат) Темирбек Намыржанов эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы аны менен маек курду.

Темирбек Намыржанов 1968-жылы Түптүн Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 3 кызы бар. Айылдагы мектепти аяктаган соң, 1988-жылы Каракол шаарындагы медициналык окуу жайга тапшырып, 1990-жылы аяктаган. Эң алгачкы иш-тажрыйбасын Каркыра жайлоосундагы №4 фермада баштаган.

«Менин жүрөгүмдү ооруткан апамдын өнөкөт оорусу бар болчу. Ушундан улам медициналык окуу жайга тапшырууну чечтим. Мындан сырткары айылымдагы бейтаптарды дарылап, айыктырам деген максатты койдум. Ошентип медициналык жааттагы билим ала баштадым. Тайпада 6 жигит анан жалаң кыздар болуп окудук. Учурда бардык тайпалаштарым жакшы жумуштарда иштеп, ийгилик жаратууда. Практика учурунда бир жолу жүрөккө операция жасоого катыштым, өлүкканага (морг) кирдим. А дегенде ошол өлүктөр, адамдын жансыз денелери көз алдыман кетпей, чочулап жүрдүм. Анан медицинанын бардык шарттарына көнүп кеттим.

Эң алгачкы жолу иш тажрыйбамды Каркыра жайлоосунда баштап, 1990-жылдан 1994-жылга чейин эмгектендим. Жайлоо жайкысын өзгөчө керемет жер болсо, кышкысын жол жабылып, транспорт жок болуп, бир топ эле азапка салчу. Мындай шартта кош бойлуу келиндерди көзөмөлгө алып, мөөнөтүнөн бир ай мурда төрөтканага жакын аймактарга жиберчүбүз. Союз жоюлган соң эл абдан кыйналды. Бул кырдаалдан эл бири-бирине жардамдашып жатып, чыгып кеткени көз алдымда турат», — деди ал.

Каарманыбыз бир топ жыл үйдөгү иштер менен алек болуп калгандыгын белгиледи. 2018-жылы медицина тармагына кайтып келип, Сары-Тологой айылындагы ФАПты жетектеп келе жатканын кошумчалады.

«Негизгиси биздин жергебизде медицина тармагында иштеген улуу муундар көп тажрыйбасын бөлүшүп, жол көргөздү. Каркыра жайлоосунан кийин, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу бир топ жыл үйдөгү иштер менен алектендим. Ошентип 2018-жылы Сан-Таш ҮДБга караштуу Сары-Тологой айылындагы ФАПка орношуп, эмгектенип келе жатам. Учурда район боюнча жергиликтүү эмканалар арасында медага, фельдшер катары таанылам», — деди ал.

Темирбек Намыржанов 5 жылга чамалаган эмгек тажрыйбасында коронавирус учурун эсинен чыгарбайт.

«Коронавирус пандемиясы учурунда бардык жерде өзгөчө кырдаал болду. Ошол мезгилде биздин эмкана талапка жооп бербей, (өз-өзүнчө кирип чыгуучу эшиктин жоктугу), кыйынчылыктар орун алды. Анан дары-дармектен демөөрчүлөр колдоого алып, элдин жардамы менен кырдаалдан чыгып кеттик. Ал арада айылдагы спорт залга күндүзгү стационар ачылып, үй көрбөстөн күнү-түнү иштедик. Жанымдагы кесиптештер ооруп калып, 10 күнгө чукул жападан жалгыз иштеген учурлар болду. Эң негизгиси бул кырдаалдан аман-эсен чыгып, жыйынтыгында район боюнча 28 ФАП арасында жылдын «Мыкты ФАП-2020» наамын алдык. Жумушка көнүп калдым, азыр да билим алууну улантып келе жатам. Эми ар бир бейтаптын өзүнүн кыялы болот, алардын тилин табуу керек. Айылда балдарга жана кош бойлуу келиндерди көзөмөлдөйбүз, ошондой эле ар кандай оорулардын алдын алабыз. Сары-Тологой айылы катаал шартка кирет. Алты ай кыш болот, суук түшкөндөн баштап күн сайын түшкө чейин «менчик шамал» (муздак шамал) башталат. Жаратылыштагы мындай көрүнүш башка айылдарда кездешпейт. Жергиликүү тургундары көчөдө үшүбөй жүрө беришет. Мен да табияттын татаал шартына көнүп калдым», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE