Пример HTML-страницы

Дунган кызы З.Байгашкаева кыргызга келин болуп, эмнелерге таң калганын айтып берди

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 29 жаштагы тургуну Зухра Байгашкаева. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Байгашкаева Зухра Саликовна 1992-жылы 12-августта төрөлгөн. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде графикалык дизайнер адистигине ээ болгон. 6 жыл мурун кыргыз улутундагы жигитке турмушка чыккан Зухра кыргыз элинин улуттук ашканасын жана каада-салтын өздөштүргөн.

«Эки элдин каада-салты, үрп-адаттары эки башка десек болот. Кыргыздын каада-салттарынын ичинен мага албетте конокторду тосуп алганы жакты. Бирок ошол эле учурда этти көп бышырганы, коноктор көпкө конуп калганы мени таң калтырбай койгон жок. Үйдөгүлөр бешбармакты мыкты бышырганды үйрөнүп алганымды айтышат. Бешбармак, манты, лагманды жакшы көрүшкөндүктөн күн алыс бышырууга аракет кылам», — деди ал.

Зухра декреттик өргүүдө оюнчуктарды токууга киришкен.

«Алгач социалдык тармактардан токулган оюнчуктарды көрүп, дароо эле уулума ушундай оюнчуктарды жасап бергим келди. Ал учурда тун уулумду жарык дүйнөгө алып келип, декреттик өргүүдө болчумун. Сапаттуу материалдарды, түрк жиптерин, холлофайберди (төшөнчү) колдондум. Бала оңой эле үзүп койбосун деп интернеттен атайын сайгычы бар бурама көздөрдү заказ кылам.

Мен токуган оюнчуктар 300 сомдон жогору турат», — деди ал.

Учурда Зухра Байгашкаева 1 уул жана 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE