Пример HTML-страницы

Дайынсыз жоголгон Адинай борбордон табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда дайынсыз жоголгон Самудинова Адинай Эрбековна табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жайыл РИИБге 2008-жылы 8-майда туулган А.Самудинованын ата-энеси кайрылып, кызын издөөгө көмөктөшүүнү суранган. Ал 2024-жылдын 2-апрелинде саат 10:00 чамасында Жайыл районунун Малтабар айылындагы мектептеп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Бул факт Жайыл РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 2-апрель күнү ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда экени аныкталган. Ал Жайыл районуна алынып келип, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин Turmush басылмасына өспүрүм кыздын апасы кайрылып, кызы дайынсыз жоголгонун билдирген.

Анын айтымында, кызы 2-апрель күнү саат 16:35 чамасында Кара-Балта шаарынан байланышкан. Андан кийин байланыша албай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE