Пример HTML-страницы

Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон Ырыскелди Максатбек уулуна 50 миң сом берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushДүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон Ырыскелди Максатбек уулуна президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан акчалай сыйлыктар берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

23 жашка чейинки куракта спорттун грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону, Азия чемпионатынын күмүш мендалынын ээси Ырыскелди Максатбек уулу Албаниянын борбору Тирана шаарында 2023-жылдын 23-29-октябрь күндөрү өткөрүлгөн Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча коло медалды багынтып, кичи мекенине кайтып келди.

Балбан Ырыскелди Максатбек уулун жана жеке машыктыруучусу Алмазбек Эсеналиевди президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев кабыл алып, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаевдин атынан 50 миң сом акча каражатын, ыраазычылык кат жана баалуу белектерин тапшырды.

Эрнис Толтоев спортчуга ийгиликтерди каалап, Ош облусунун, Кыргызстандын намысын дүйнөдө коргоп, мамлекеттик туубуздун бийиктикте желбирешине салым кошуп, спорттогу жетишкендиктери кийинки өсүп келе жаткан муунга үлгү боло тургандыгын белгиледи. Ошону менен бирге келечекте Олимпиада оюндарына катышып, жеңишти алып келүүгө тилектеш экендигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE