Пример HTML-страницы

Чүй облусунда кышкы козу карындар пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда козу карындар көп санда пайда болду. Алар кыш ызгаарында жана кар эригенде да өсө берет.

«Аба ырайына байланыштуу дүмүрлөрдүн жана дарактардын түбүндө кышкы козу карындар пайда болгон. Биз аларды көбүнчө күздүн аягында, ноябрда жана декабрдын башында чогултабыз. Бирок аба ырайы жылуу болгондуктан сезон жаңы жылга чейин уланышы мүмкүн», — дешет «тынч аңчылыкты» сүйүүчүлөр.

«Кыргызстанда кышкы козу карындары октябрдын аягында пайда болот. Алардын укмуштуудай касиети бар. Жада калса кардын астында да мөмө бере берет.

Кышкы козу карындардан көптөгөн тамактарды даярдоого болот. Курамында А, В, Е витаминдери жана микроэлементтер: темир, жез, калий жана кальций бар. Майга куурулган жана соуска бышырылган козу карындары дасторкондун салттуу жасалгасы болуп эсептелет», — дейт биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE