Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунда 27 жаштагы жигит ооруканага жетпей каза тапты

TurmushБишкек—Ош жолунда орун алган кырсыктан улам 27 жаштагы жүргүнчү мерт кетти, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, окуя 25-март күнү аталган унаа жолдун 491-чакырымында, тактап айтканда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагы аркылуу өткөн тилкесинде орун алган.

Күбөлөрдүн айтымында, «Mercedes-Benz W210» үлгүсүндөгү унаа менен «Daewoo Nexia» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анда «Daewoo Nexia» унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, алдыда келе жаткан «Mercedes-Benz W210» унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 адам тез жардам кызматынын унаасы менен бейтапканага жеткирилген.

Шамалдуу-Сай аймактык бейтапканасынын башкы дарыгери Манасбек Медерканов жол кырсыктан 2 адам жаракат алып келгенин, анын бирөөсү бейтапканага келгенге чейин каза болуп калганын айтты.

«Жол транспорт кырсыгынан 2 адам бейтапканага жеткирилген. Айдоочу Ала-Бука районунун тургуну экен. Ал тийиштүү медициналык жардам алып чыгып кетти. Ал эми унаада жүргүнчү катары бара жаткан Аксы районунун 1995-жылы туулган тургуну кырсык катталган соң, жолдо келе жатып, каза болгон экен. Маркумдун сөөгүн күч түзүмдөрүнө өткөрүп бергенбиз», — дейт башкы дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE