Пример HTML-страницы

Бир нече айылдардын тургундары эвакуацияланып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-тажик чек арасында ок атылган аймакка жакын жайгашкан калктуу пункттардын тургундары коопсуз жайларга жайгашты.

Turmush басылмасына Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн айылдарынын биринин тургуну билдиргендей, минометтордон ок атуу башталганда аялдар менен жаш балдар коопсуз жайга жөнөтүлгөн. Эркектер мародерлук болуп кетпесин деп үйлөрүндө калышкан. Айылдыктар кайгуул уюштурулду.

Чек арадагы Достук айылы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө карайт. Бул айыл өкмөттө Арка, Борбордук жана Жаштык айылдары да бар.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Достук, Арка, Борбордук, Жаштык айылдарынын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылынын тургундары унаалар менен өз алдынча эвакуация болууда.

Окуя тууралуу:

Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Селкана жерлигинде кызматын өтөп жатканда куралдан ок атылганы белгилүү болгон. Ал эми чектеш аймакта тажик чек арачылары пайда болуп, алар кыргыз аскер кызматкерлерин көрүп, мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын көздөй багытын улантышкан. Кыргыз чек арачыларынын токтоп, чек ара сызыгынан өз аймагына өтүү талабына тажик чек арачылары көңүл бурбай, чек араны кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдикте кирип кетишкен. Буга жооп кылып тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарган. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ок атышуу токтотулган. Ок атышуулардын натыйжасында кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандардар жок.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Тажикстандын 1 аскер кызматкери откон жаракат алган.

Миномет менен аткылоо:

Саат 21:17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарышканы кабарланган. Кайрадан ок атышуу орун алып, 30 минутага жакын созулган. Кийинки орун алган ок атышууда кыргыз аскер кызматкери жаракат алган. Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады.

Ок атуу токтотулду:

Чек ара кызматынан саат 22:15те тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен атууну токтотконун кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда. УКМКнын Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкеринин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, операцияга даярдалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE