Пример HTML-страницы

Баткендеги өрүктөр тегиз гүлдөдү (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде өрүктөр тегиз гүлүн ачты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди

Маалыматка караганда, баткендиктердин дээрлик баарында өрүк бактары бар. Адистердин айтымында облуста 10 миң гектарга жакын өрүк бактары бар. Анда 10го жакын өрүктүн түрлөрү өсөт. Алардын алды быйыл февраль айында гүлдөп, сууктан улам гүлүн таштады. Лейлектин Арка зонасы жылуу келип, аймакта өрүк жыл сайын 10-15 күнгө эрте гүлүн ачат.

Ал эми учурда район, шаарларда гүл тегиз ачылды. Өрүктүн эрте бышуучу түрлөрү май айында бышып жетилет. Ашкана, майский сорттору эрте бышып, экспортко кетет. Ал эми июнь, июль айларында быша турган өрүктүн сорту кургатылып, как кылууга ыңгайлуу. Акыркы жылдары аймактагы элдин көпчүлү өрүктү алтын күкүрткө ыштабай кара кылып кургатууда. Анткени бул кара өрүк экологиялык таза болуп, дүйнөлүк рыноктун талаптарына да жооп берет.

Мындан сырткары дыйкандар өрүктүн эрте бышуучу сортуна басым жасашууда. Анткени экспортко ылайыкташкан бул сортту алуучулар көп жана түйшүгү аз.

— — — — — — — — —

Буга чейин 2024-жылдын 27-январында Баткен шаарындагы өрүк базарда баа арзан болуп жатканы кабарланган. Анткени баа арзан. Багбандардын көпчүлүгү баанын көтөрүлүшүн күтүп, өрүктөрүн сактап отурушат. Анткени эң кымбат болгон, данеги чыгарылган кара өрүктөр (кара как) өткөн жылы 1000 сомго чейин сатылса, быйыл 400 сомго чейин бааланган. Андыктан таза өрүктөрдү азырынча базардан жолуктуруу кыйын болчу.

Дарыга ышталып, данегинен ажыратылган баргек өрүктөр 400 сомго чейин сатылууда. Ал эми ышталган данектүү өрүктөр 1 килограммы 150 сомго чейин сатылууда. Дарыланбаган кара өрүктөр сапатына жараша 150 сомдон, 350 сомго чейин сатылып жаткан.

Ал эми данеги чыгарылып, кургатылган кара өрүктөрдүн 1 килограммы 300-400 сомдон. Ал эми майда, эти жука кара өрүктөр 20-60 сомго чейин бааланууда. Быйыл баа жылдагыдан эки эсе арзандаганы дыйкандарды түйшөлтүп жатканы белгилүү болгон.

— — — — — — —

2023-жылы апрель айында Turmush басылмасы Баткен районунун тоолуу аймактарында суук аба ырайы өрүктүн түшүмүнө зыянын тийгизгенин жазган.

Дыйкандардын айтымында, айрым жылдары өрүктү үшүк алса, кээде ысыктан өрүктүн гүлү түшүп калчу.

«Быйыл Баткенде өрүк башкача бир бажырайып гүлдөдү. Буюрса, Жараткан быйыл Баткен жергесине жакшылыгын, молчулугун, бактылуулугун берет. Буга чейин өрүк гүлүнүн мынчалык аңкыган жыпар жытын, ушунчалык суктанарлык гүлдөшүн байкабаптырмын. Акыркы 5 жыл аралыгында табияттын өзгөрүүсү менен өрүктөр жакшы гүлдөбөй, ысык-суукка алдырып, түшүм да жакшы болбой келген. Кыш мезгили да жылуу келип, өрүк дарактары кышкы уйкуга толук кирбей, жазында жакшы гүлдөй албай калган. Мына быйыл кыш кыштыгын кылды, өрүк дарактары сонун эс алды, жыйынтыгында укмуштуудай гүлүн ачты. Эми мөмө ысык-сууктан сактанып байлап алса, өрүк түшүмү да жакшы болот эле», — деген «Алыш Дан» кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшев.

Былтыркы жылы 97 миң тонна өрүк түшүмүн алуу пландаллган.

«Акыркы 4-5 жылдан бери өрүк мурдагыдай түшүмдүү болбой жатат. Суукка же ысыкка алдырып коёт. Быйыл болжолдуу 97 миң тонна түшүм алуу пландалып жатат. Кадамжай жана Баткен районунда өрүктү кайра иштетүүчү ишканалар бар. Ошол ишканалар өрүктү Орусия, Казакстан жана Американын Чикаго шаарына чейин экспорттошууда», — деген президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн экономика жана региондорду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Сайдакматов.

2022-жылдын июнь айында Баткен облусу 2500 тонна ак өрүк экспорттоп, өрүктүн алды 230 сомго чейин сатылган. Жалпы облус боюнча 8000 гектарга жакын өрүк бактары бар. Андан былтыркы жылы 2500 тонна ак өрүк сорту экспортко чыккан. Тактап айтканда, Баткен районунун Дара, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Кара-Булак айыл аймактарындагы түшүм жайында жергиликтүү ишкерлер тарабынан экспортко чыгарылган. Баткен шаарында 1 кг ак өрүктүн баасы 80 сомдон 230 сомго чейин бааланды. Ал эми Кадамжайда 80-100 сомдон сатылды.

Орто эсеп менен жергиликтүү тургундар өрүк сатуудан 200 млн сомдон 575 млн сомго чейин киреше табышы мүмкүн.

Жайында баасы түшкөн өрүк:

2023-жылдын июнь айында Баткен облусунун аймагында өрүктүн килограммы 25 сомдон 30 сомго чейин сатылып жатканы белгилүү болгон. Дыйкандар баанын төмөндөшүн кошуна Өзбекстан менен байланыштырышкан.

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн тургуну Уланбек Кожоев буларга токтолгон.

«Биринчиден, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу өрүктүн түшүмдүүлүгү мол болду. Экинчиден кошуна Өзбекстандын өрүктөрү Кыргызстан аркылуу чет өлкөгө экспорттолуп жатат. Өзбекстанда бизге салыштырмалуу 5-10 сомго арзан сатылып жатат. Андыктан өрүккө болгон баа кескин төмөндөп кетти. Башында 50 сомго чейин сатылып жаткан», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE