Пример HTML-страницы

Баткенде 5 млн сомго курулган вакцина сактоочу кампа иштей баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунда вакциналарды сактоочу кампа пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ачылышына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана медициналык мекемелердин жетекчилери катышты. Жаңы имарат 5 млн сомго курулуп, ички жасалгалоо иштери толук аяктаган. Вентиляция, жылытуу системалары жана суу жылыткыч орнотулган. Канализация жана суу түтүктөрү, сантехникалык жабдуулар, мындан тышкары жаңы электр менен камсыздоо системасы жана өрт өчүрүү системасы орнотулду. Кампага кирүү үчүн өзүнчө дарбаза да орнотулган.

Жаңы кампанын имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, эмдөө үчүн талаптарга (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19 ыкчам чара көрүү» долбоорунун каржылоосу менен ишке ашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE