Пример HTML-страницы

Баткен шаарында бала бакчанын жетишсиздигинен 1200дөн ашуун бала кезекте турат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы Фаиза социалдык шаарчасында «Мээрим нуру» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Диларам Эгембердиева билдирди.

Маалыматка караганда, бала бакча 50 орунга ылайыкташкан. Мекеме керектүү эмерек, жабдыктар менен камсыздалган.

Баткен шаары боюнча 610 орунга ылайыкташтырылган 3 типтүү жана 2 ыңгайлаштырылган мамлекеттик балдар бакчалары бар. Шаарда бала бакчанын жетишсиздигинен бакчага баруу үчүн 1200дөн ашуун бала расмий түрдө электрондук кезекте турат. Ал эми балдар бакчасына тартылгандардын саны 1370 баланы түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE