Пример HTML-страницы

Азия биринчилигинде эки жолу коло алган Элинанын ийгилиги

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Интернационал айылынын 16 жаштагы тургуну Элина Бакытова күрөш боюнча Азия биринчилигинде эки жолу ийгилик жараткан. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз 2007-жылы 23-февралда Кант шаарында туулган. Интернационал айылындагы Актилек орто мектебинде 9-классты аяктап, учурда Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжде билим алып жатат.

«Өзүм 5 бир туугандын экинчисимин. Атам фермер, апам бала бакчанын директору жана айылдык кеӊештин депутаты.

Негизи спорт менен бир тууган эжем машыкчу. Ал дагы өз кезинде бир топ ийгиликтерди багындырды. Бирок, тилекке каршы ден соолугуна байланыштуу спорттон кетүүгө туура келген. Андан соӊ, мени спорт залга ээрчитип барды. Анда 2019-жылдын ноябрь айы болчу. Ошол биринчи барган күнүм эч эсимден кетпейт. Дароо эле спорт меники экенин түшүндүм. Ошол күндөн баштап машыгып келе жатам», — деди ал.

Жаш спортчу кыска аралыкта эле көптөгөн мелдештерге катышып, Азиянын биринчилигинде эки жолу коло медалына ээ болду.

«2022-жылы Бахрейнде, 2023-жылы Бишкек шаарында өткөн Азия биринчилигинде эки жолу коло байгенин ээси болдум.

Кудайым буюрса, келечекте олимпиаданын алтын медалын алсам дейм. Агайларымдын, ата-энемдин ишеничин, эмгегин актайм деген үмүттөмүн», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE