Пример HTML-страницы

Ат-Башыда Айымдардын эл аралык күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунда 8-март — Айымдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Майрамдык салтанатта Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ж.Жантелиева, аппарат жетекчиси Ж.Омокоев куттукташып, ишиндеги жетишкендиктери, үзүрлүү эмгектери үчүн айрым айымдарга ардак грамота жана ыраазычылык каттарын тапшырышты.

Муну менен катар аземге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 60 айым чакыртылды. Келген конокторго майрамдык белектер, Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнүн чыгармачыл жамааты жана Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин кичинекей бийчилери тарабынан концерттик программа тартууланды. Иш-чаранын аягында конокторго сый тамак берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE