Пример HTML-страницы

Аламүдүндө окуучуларга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushАламүдүн районунда милиция кызматкерлери окуучуларга жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкери, милициянын капитаны Алмаз Нуркалые Гроздь жана Ленинск айылдарында жайгашкан мектептерде окуучулар арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды мектептин администрациясы менен биргеликте уюштурду.

Алдын алуу, түшүндүрүү иштериин жүрүшүндө мектеп окуучуларына лекциялар окулуп, өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын себептери айтылды. Мектеп окуучуларын жолдон өтүп жатканда жолдо жүрүүнүн эрежелерин толук сактоо керектигин, жолдон дайыма абайлап өтүү жана атайын жөө өтмөктөрдөн өтүү жол кырсыктарын алдын алууга өбөлгө болорун белгиледи.

Жолугушуу учурунда окуучуларга жолдо жүрүү эрежелери эскертилип, кулакка таккыч менен музыка угуу, телефондон оюндарды ойноп жолдо басууда балдар жол кыймылына көңүл бурбай кооптуу учурларга туш болоорун айтышып, ар дайым жолдо жүрүү эрежерин так сактоо керектигин эскертилди.

«Ар бирибиз жолдо жүрүүнүн эрежесин так билүүгө тийишпиз, жөө жүргөн адамдардын да жолдо жүрүү боюнча эрежеси бар. Ошондуктан жол эрежесин жакшы билип, аны так сактоого милдеттүүбүз», — деди Алмаз Нуркалыев.

Иш-чаранын алкагында окуучуларга жолдо жүрүү эрежелери жөнүндө мазмундуу лекциялар окулду. Ошондой эле мектеп окуучулары жол эрежелерине байланышкан суроолорун узатышып, жоопторун алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE