Пример HTML-страницы

Актилек апасы каза болгондон кийин менталдык арифметика менен алектенип, Дубайга барып келди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунун Кара-Балта шаарынын 10 жаштагы тургуну Актилек Толтоев Дубайда өткөн менталдик арифметика боюнча мелдеште 2-орунду алды.

Актилек 2013-жылы төрөлгөн. Учурда Кара-Балта шаарындагы №12 орто мектепте 4-классты аяктады. Өзүнүн айтымында, жакында эле Ош шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча сынакка катышты. Ага Кыргызстандагы 9 окутуу борборунан 300дөй бала барган. Бул сынакта Актилек 2-орунду багындырды.

Ал эми 2023-жылдын 25-мартында Дубайдагы мелдеште Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Белоруссия, Тажикстан, Бириккен Араб Эмираттарынан барган 350 окуучунун арасында өз билимин сынады.

Актилек менталдык арифметика менен 2 жылдан бери алектенип, жалпы 6 турнирге катышып, байгелүү орундарды алды.

«Мен экранда көрсөтүлгөн бир, эки, үч жана төрт орундуу сандарды оңол эле, 04, секунд ылдамдыкта эсептей алам. Алгач мелдештерде толкунданып жүрдүм. Бирок жеңүүчү болуп баштаганда өзүмө ишенүү пайда болду. Алдыда Орто Азия олимпиадасына катышам, ал 26-июнда Ысык-Көлдө өтөт», — деди ал.

Актилектин таежеси Жылдыз Толтоеванын айтымында, Актилекте интеллектуалдык өнүгүүгө болгон кызыгуу апасы каза болгондон кийин башталган.

«Мен Актилектин апасынын эгизимин. Ал каза болуп калганда жээнимди өзүм камкордукка алдым. Ал оор мезгилде чыгармачылык жана спорт менен алектенди. Күрөшкө барып, сүрөт тартып, менталдык арифметикага кызыгып баштады. Актилек абдан ак көңүл бала, көчөдө жолуктургандардын баарына жардамга кол сунат. Ошондой эле үй иштерине да жардам берип, 4 жаштагы кызымды өз карындашындай көрөт», — деди ал.

Актилек келечекте учкуч болуп, ар кайсы өлкөлөрдү көргүсү келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE