Пример HTML-страницы

Ак-Талаада жаш ойлоп табуучулар эмгектерин көрсөтүп, жеңүүчүлөр облустук турга жолдомо алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аталыштагы жаш ойлоп табуучулардын сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр облустук турга жолдомо алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Балдар билим берүү борборунун директору Айнура Баязованын айтымында, кечээ, 28-марть күнү жаш ойлоп табуучулар жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер, приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар, энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар, маалыматтык технологиялар жана программалоо жана робототехника жана автоматташтырылган технологиялар боюнча өз эмгектерин көрсөтүштү. Жалпы 32 окуучу катышкан сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр облустук турга жолдомо алышты

— «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» номинациясы боюнча Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучулары Динислам Советбеков жана Элмырза Айылчиев;

— «Приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар» номинациясы боюнча Терек айылынын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин окуучусу Бакыт Сыдыков;

— «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар» номинациясы боюнча Кош-Дөбө айылынын Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин окуучусу Бакыт Мидинов;

— «Маалыматтык технологиялар жана программалоо» номинациясы боюнча Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Кубат Сарбагышов;

— «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар» номинациясы боюнча Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Баяман Алмазбеков жана Бектур уулу Дастан;

— «Дубал газеталардын моделдери» номинациясы боюнча балдар билим берүү борборунан 4 окуучу жеңүүчү деп табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE