Пример HTML-страницы

Өзгөндө балык кымбат болуп жатат. Себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районундагы «Өзгөн балык чарбасы» мамлекеттик ишканасы быйыл сатууга 4 тонна балык даярдап жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын башчысы Зикир Козубеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл жем кымбат болгондуктан балыктардын баасы да көтөрүлдү. Өткөн жылга салыштырмалуу 100 сомго чейин кымбаттады.

«Быйыл 4 тонна балык даярдадык. Анын 3 тонна 700 килограммы кармалып алынган. Калганы суук түшүп кеткенине байланыштуу кармала элек. Октябрь айында сатыкка чыгарганбыз. Быйыл балыктарды жөн эле сатпай, кууруп да сатып жатабыз. Каңылтыр (карп, сазан) балыгынын 1 килограммы 400 сомдон, ал эми макоо балык (толстолобик) 300 сомдон сатылып жатат. Коңшу мамлекеттен арзан балыктар келип, биздин балыктарга суроо-талап аз болууда. Быйыл балык өстүрүүнүн жаңы ыкмалары боюнча Андижанга барып, тажрыйба алмашып келдик. Буюрса кийинки жылга көбүрөөк балык өндүрөбүз деп турабыз. Мындан тышкары жакында Ош шаарында өткөн жармаңкеге балыктарды алып барып, кууруп, акысыз таркаттык», — дейт Козубеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE