Пример HTML-страницы

Жумгал районунда өткөн облустук иш-чарада Калык Акиев менен Чыңгыз Айтматовдун эмгектери эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунда 18-октябрда «Улуттук нарк — жан дүйнөнүн казынасы» аттуу кезектеги облустук семинар болуп өттү.

Иш-чара райондук жана айылдык китепканаларда болуп өттү.

Алгач №5 Чоң-Дөбө айылдык китепканасында «Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт» аталыштагы теманын алкагында өттү. Иш-чара мамлекеттик жана саясий ишмер Карыбек Тыналиевдин 90 жылдыгына карата уюштурулду.

Ошондой эле №7 Түгөл-Сай айылдык китепканасында «Ак таңдай акын Калык Акиевге 140 жыл» аталыштагы иш-чара өтсө, №14 А.Карасартова атындагы айылдык китепканасында «Каада салт — улуттун өзөгү» аталыштагы иш-чарасы өттү.

Андан тышкары Советбек Байгазиев атындагы борборлоштурулган китепканасында «Айтматов — улуттун даанышманы» аталышындагы иш-чарасы уюштурулду.

Райондо 1952-жылы балдар бөлүмү, 1977-жылы райондук китепкана уюшулуп, көчмө китепканалар иш алып барган. Китепканада 15 кызматкер иштейт, китеп фонду 241178 миңди түзөт. 2006-жылы профессор, жазуучу Советбек Байгазиевдин ысымы берилген. Ошондой эле, 18 айылдык китепкана иш алып барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE