Turmush — Өлкөдө бир катар айыл аймак жана айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталууда. Анын негизги максаты — улуттук идеологияны чыңдоо, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүү. Мындай айылдардын катарына Ысык-Көлдүн түштүк чыгышындагы айыл кирет.
Липенка айыл аймагындагы Ичке-Булуң айылынын аталышын өзгөртүп, мурдагы Коңурат аталышына кайтаруу демилгеленип жатат.
Айыл көлдүн ичке булуңуна жакын түздүктө, деңиз деңгээлинен 1660 метр бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору болгон Кызыл-Суу айылынан 29 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Элеттин жаралуу тарыхы тууралуу айыл ичинде ооздон оозго өткөн баяны бар.
«Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылындагы бөрү уурусуна Талкан ажы болуш болуп турган. 1911-жылы Талкан ажынын көзү өткөндөн кийин айылдагы көрүнүктүү адамдардын ортосунда пикир келишпестик жүрөт. Алардын ичинен Иманаалы деген атабыз Жети-Өгүз жана Жон-Булак айылдарынын ортосуна жаңы айыл курмакчы болот. 30 ат топтоп, алар менен карагай устунун даярдаган. Бирок бут тосуулар көп болгондуктан тууган-уругун, жакын санаалаштарын алып, азыркы Ичке-Булуң айылынын четине көчүп келишкен. Көчүп келүүлөр 1922-жылдын баш жагы менен аяктап, көчөлөр түзүлүп, азыркы айыл түптөлгөн», — дешет элеттиктер.
Ичке-Булуң айылында жалпы 337 түтүн отурукташкан. Анда 1548 адам жашайт. Алардын басымдуусу Коңурат уурусунун урпактары. Ак сакалдар айылды баштапкы Коңурат аталышына өзгөртүүнү демилгелеп жатышат.
«Ичке-Булуң айылына эл отурукташа баштаган 1920-1922-жылдары Коңурат аталышындагы айыл пайда болгон. 40 жылга жакын убакыттан кийин 1964-жылдары башкарма болуп турган Корнеенко айылдын аталышын Ичке-Булуң деп өзгөртүп салган экен. Биз айыл эли Жогорку Кеңешке кайрылып, баштапкы аталышына кайтарууну суранып жатабыз. Айылда 100 пайыз ушул Коңурат уурусунун урпактары жашайт», — дейт 70 жаштагы аксакал Таштанбек Бакиев.
Айылда мектеп, ФАП, эки мечит орун алган.
Балдарга билим берүү алгач 1923-жылы Ж.Куттуков жана К.Талканованын демилгелери менен айылдагы чоңураак салынган үйдө башталган. Мектеп 1928-жылдан тарта иштей баштаган. 1937-жылга чейин башталгыч гана мектеп болгон. 1938-жылдан тарта мектеп орто билим ээлерин учура баштаган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.