Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы 26 бала бакчанын директорлору (тизме)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы айрым бала бакчалардын жетекчилери 30 жылдан бери директорлук кызматты аркалап келет. Turmush басылмасынын кабарчысы шаардык билим берүү бөлүмүнөн алар кимдер экенин тактады.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Шайырбек Эргешовдун айтымында, бакча жетекчилери бат-баттан ротацияланат.

«Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында жалпы 26 бала бакча бар. Алардын жетекчилеринин алды 30 жылдан бери директорлук кызматты аркалап келет. Бирок биз акыркы жылдары бакча жетекчилеринин ордун алмаштырып жатабыз, башкача айтканда ротацияланат. Бул көрүнүш биринчи орунда коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, тааныш-билиштиктин алдын алуу жана бала бакчалардын ишмердүүлүгүн алга жылдырууга шарт түзөт. Сөз болуп жатан 26 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин экөө атайын бакчалар. Тактап айтканда, №5 «Чолпон» бала бакчасында кургак учуктан жабыр тарткан балдар билим алса, №12 «Жылмаю» бакчасында сүйлөөсү кечеңдеген, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланат», — деди Эргешов.

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалар жана жетекчилери:

1. №4 «Алтын-Балалык» бала бакчасы, жетекчиси Ташанова Урмат Элчиевна 30 жылдан бери директорлук кызматта иштейт. Бул бала бакчаны 10 айдан бери жетектеп жатат.

2. №11 «Байчечекей» бала бакчасынын жетекчиси Базарбаева Дамира Базарбаевна жетекчилик кызматта 30 жылдан бери иштейт. Бул бала бакчаны 4 айдан бери жетектеп жатат.

3. «Теремок» бала бакчасынын жетекчиси Исаева Гүлмира Миңбаевна директорлук кызматта 29 жылдан бери иштеп келет. Бул бала бакчага директор болуп дайындалганына 6 ай болду.

4. №26 «Балапан» бала бакчасынын жетекчиси Туташева Адалат Каримовна директорлук кызматта 19 жылдан бери иштейт. Аталган бала бакчаны 4 жылдан бери жетектеп келет.

5. №27 «Шүдүрүм» бала бакчасынын жетекчиси Шамурзаева Гүлнара Шайдылдаевна директорлук кызматта 15 жылдан бери иштейт. Бул бала бакчаны жетектегенине 1 ай болду.

6. №33 «Бермет» бала бакчасынын жетекчиси Жумабаева Асылкан Акжоловна 15 жылдан бери директорлук кызматта. Аталган бала бакчаны 1 айдан бери жетектеп келет.

7. №14 «Ак-Тилек» бала бакчасынын жетекчиси Паизова Айнура Кубанычбековна 15 жылдан бери директорлук кызматта. Бул бакчаны башкарып келе жатканына 4 жыл болду.

8. №3 «Алтын-Бешик» бала бакчасынын жетекчиси Бакирова Чолпонай Бакировна 13 жылдан бери директор болуп иштейт. Аталган бала бакчада 6 айдан бери директорлук кызматта.

9. Амиракулова Марапат Беделбаевна директорлук кызматта 12 жылдан бери иштейт. Калаадагы №1 Н.Крупской атындагы бала бакчаны 2 жыл 3 айдан бери жетектеп келет.

10. Токбаева Динар Керималиевна директорлук кызматта 12 жылдан бери иштейт. №19 «Коңгуроочо» бала бакчасын 6 айдан бери жетектеп келүүдө.

11. Мамашова Гүлмира Сулаймановна директордук кызматта 10 жылдан бери иштейт. №15 «Рябинушка» бала бакчасында жетекчи болуп иштеп келе жатканына 1 ай болду.

12. Алиева Роза Орозматовна директордук кызматта отурганына 10 жыл болду. Ал 1 айдан бери №10 «Барчын» бала бакчасын жетектөөдө.

13. Арапбаева Чолпон Каримжановна 9 жылдан бери жетекчилик кызматта иштейт. Анын №16 «Ромашка» бала бакчасына директор болуп дайындалганына 1 жыл 6 ай болду.

14. Абдурасулова Венера Мажидовна директорлук кызматта отурганына 8 жыл болду. Ал эми №17 «Каакым» бала бакчасын 4 айдан бери жетектеп келет.

15. Азимбаева Назира Бекмаматовна 7 жылдан бери директорлук кызматта иштейт. Ал №7 «Малышка» бала бакчасын 6 айдан бери жетектеп келүүдө.

16. Ташиева Сонаим Насирдиновнанын жетекчилик кызматта отурганына 6 жыл болду. Ал 1 жылдан бери №2 «Дружба» бала бакчасынын директорлук кызматында.

17. 4 жылдан бери директордук кызматты аркалап келе жаткан Апатаева Махабат Анарбаевнанын №6 «Березка» бала бакчасын башкарганына 1 ай болду.

18. Чакиева Лира Бактыбековна директорлук кызматта 4 жылдан бери иштейт. №9 «Балакай» бакчасын 6 айдан бери башкарып келет.

19. Азимбаева Махаббат Бекмаматовна 4 жылдан бери №21 «Учкун» бакчасын жетектеп келүүдө.

20. Абдалимова Айнура Маматжановна 3 жылдан бери жетекчилик кызматта. №36 «Чабалекей» бакчасын жетектеп келе жатканына 1 ай болду.

21. Анорбаева Аида Сабыржановна №5 «Чолпон» бала бакчасын 3 жылдан бери жетектеп келет.

22. Касымова Нурипа Орозбайевна 2 жыл 8 айдан бери №12 «Улыбка» бала бакчасын жетектеп келет.

23. Жумабекова Айсада Дүйшөнкуловна 2 жылдан бери №31 «Наристе» бала бакчасынын директору болуп иштейт.

24. Омошова Айчүрөк Тойчубековна 1 жылдан бери №18 «Радуга» бала бакчасын жетектеп келүүдө.

25. Калдосова Нурпери Караталовна 10 айдан бери №20 «Алтын уя» бала бакчасынын директору кызматында иштеп жатат.

26. Жээнбекова Шаангүл Дүйшөевна 5 айдан бери №22 «Алтын Тепкич» балдар бакчасынын директорлук кызматында.

Билим берүү жана илим министрлиги «Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Токтом кабыл алынса, мындан ары бала бакча башчылары да сынактан өткөрүлүп, андан соң кызматка дайындалат.

Ага ылайык, сынактын негизинде тандалып алынган бала бакча башчылары 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Токтом күчүнө киргенден тарта кызматтык мөөнөтү беш жылдан ашып кеткен жетекчилер ишинен бошотулду деп эсептелип, жаңы жетекчилерди дайындоо үчүн сынак өткөрүлөт.

2022-жылдын 8-июлунда президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Анын негизинде мектеп директорлору да сынактын негизинде жетекчилик кызматка дайылып баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE